8-февраль Ош шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу болуп өтөт.
Баардык шаар тургундарын жана ЖМК өкүлдөрүн коомдук уктурууга келип катышып кетүүгө чакырабыз!
Быйыл шаар бюджети 1 млрд 600 млн 510,0 миң сомду түзөт, ал өткөн жылга салыштырмалуу 17,9 % ке (242 млн 810,0 миң сомго) көп.
2022-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн:
— 34,9 % турак жай жана коммуналдык чарба,
— 25,2 % билим берүү тармагы,
— 17,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,
— 15,0 % экономикалык маселелер,
— 5,7 % маданият жана спорт тармагы,
— 1,3 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө,
— 0,4 % коргонуу тармагы,
Эгерде шаар бюджети боюнча сизди кызыктырган суроо же сунуштар болсо келип катышып кетиңиз!
Коомдук уктуруу мэриянын чоң жыйындар залында, саат 09:30 да башталат.
Дареги: Ош шаары, Заднепровская көчөсү 4.
Свежие комментарии